
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 17-18-июль күндөрү музыкалык кече өтөт.
Калаа бийлиги бул күндөргө шаар тургундары жана коноктору үчүн атайын кызыктуу программа даярдалганын маалымдады.
Мындай музыкалык кечелерди өткөрүү борбордун маданий турмушун өнүктүрүүгө, искусствону колдоого жана үй-бүлө, достор менен чогуу эс алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Иш-чара 19:00дө башталат. Мэрия бардык каалоочуларды кечеге чакырды.