Биз социалдык тармакта

Бир жылда 5 өлкөнү кыдырган куш Баткенге кайтып келди

Бир жыл ичинде 5 өлкөнү кыдырган журтчу кушу Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, былтыр июль айында куш балапан кезинде спутниктик GPS-трекери орнотулган. Ошол жылы сентябрь айында куш уясынан чыккан.
Ал 11 миң 985 чакырым аралыкты учуп өтүп, Индиянын, Пакистандын, Ооганстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймактарын кесип өткөн. Ошондой эле деңиз деңгээлинен 5200 метрге чейинки бийиктикке көтөрүлүп, Гиндукуш тоо кыркасын, чөлдөрдү жана Борбордук жана Түштүк Азиянын бийик тоолуу ашууларын багындырган.
Ошентип, куш быйыл 15-июлда кайрадан Кыргызстандын чек арасын кесип өтүп, Баткендин Раззаков шаарынын аймагына учуп келген.
Бир жылда 5 өлкөнү кыдырган куш Баткенге кайтып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан