Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык жаш мушкерлер Азия чемпиондугунда 8 медаль жеңишти

Индонезиянын Жакарта шаарында бокс боюнча U-19 жана U-23 курактык категориялары арасында Азия чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, жаш мушкерлер жалпысынан 8 медаль жеңишкен. Анын 6сы коло, 2си күмүш байге.
U-19 курама командасынын жыйынтыгы:
  • Нурпери Макешова (57 килограмм) - коло медаль;
  • Мээрим Чыныбекова (80 килограмм) - коло медаль.
  • Нурсултан Дүйшөналиев (50 килограм) - коло медаль;
  • Арваз Ахмади (75 килограмм) - коло медаль;
  • Усман Капаров (80 килограмм) - коло медаль;
  • Айтбек Бердимуратов (90 килограмм) - коло медаль.
U-23 курама командасынын жыйынтыгы:
  • Алмаз Орозбеков (75 килограмм) - күмүш медаль;
  • Мырзакир Кошалиев (+90 килограмм) - күмүш медаль.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан