Биз социалдык тармакта

Угандада мектеп автобусу кырсыктап, 21 адам каза болду

Бүгүн, 17-июлда Угандада мектеп автобусу кырсыктап, 20 окуучу жана 1 чоң киши каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар кабарлашты.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, автобус Кампаладан Сипи шаркыратмасына экскурсияга барган башталгыч класстын окуучуларын кайра алып келе жаткан. Айдоочу рулга ээ боло албай, автобус жолдон чыгып аскага урулуп, оодарылып кеткен.

Каза тапкандардан тышкары, бир нече окуучу жана 3 чоң киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан