Индонезиянын Жакарта шаарында 19 жашка чейинкилер арасында бокс боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Анда өлкө курамасы 6 коло байге жеңип, жалпы көрсөткүчтө тогузунчу орунга жайгашты.
Сап башында Өзбекстан курамасы турат. Коңшу өлкөнүн куржунунда 11 алтын, 3 күмүш, 1 коло медаль бар. Экинчи орунду 5 алтын, 4 күмүш, 5 коло байге уткан Казакстан курамасы алса, үчүнчү орунга 2 алтын, 8 күмүш, 4 коло байге алган Индия курамасы жайгашты.
Айта кетсек, 23 жашка чейинкилер арасында кыргызстандык мушкерлер бешинчи орунду багындырышты.