Биз социалдык тармакта

Муфтият жаратылыш кырсыктарына байланыштуу түлөө өткөрдү

Муфтият өлкө аймагында катталган жаратылыш кырсыктарына жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу түлөө өткөрдү.

Иш-чарага муфтий Абдулазиз Закиров, аксакалдар, диний аалымдар жана муфтияттын кызматкерлери катышты.

Түлөө учурунда өлкөнүн тынчтыгы, элдин ынтымагы, жаратылыш кырсыктарынан сактоо, ошондой эле мамлекеттин өнүгүп-өсүшү үчүн дубалар окулду.

Иш-чаранын алкагында бодо мал союлуп, анын эти жетим-жесирлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар жарандарга жана башка жардамга муктаж адамдарга таратылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан