Биз социалдык тармакта

Футбол боюнча дүйнө чемпиондору тарыхта биринчи жолу чемпиондук шакектерге ээ болушат

АКШда өтүп жаткан 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүнө тарыхта биринчи жолу чемпиондук шакектер тапшырылат. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы жазды.

Маалыматка ылайык, дүйнө чемпиону болгон курама команданын футболчулары жана машыктыруучулар штабы алтын медалдар жана Дүйнө кубогу менен катар атайын даярдалган чемпиондук шакектерге ээ болушат. Бул америкалык спорттогу салттын футболго биринчи жолу киргизилиши болуп саналат.

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында Испания менен Аргентина курама командалары беттешет. Чечүүчү оюн 19-июлда Нью-Йорк аймагындагы "МетЛайф" стадионунда, Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан