Биз социалдык тармакта

Бишкекте баңгизат менен алектенгендер колго түшүштү (видео)

Бишкекте баңгизат менен алектенүүгө шектелип 49, 50 жана 51 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 49 жаштагы шектүүнүн үйүнөн 359 грамм гашиш табылса, 51 жаштагы шектүүнүн жашаган жеринен 3 килограмм 968 грамм гашиш, ошондой эле 5 килограмм 476 грамм марихуана баңгизаты табылган. Баңгизаттардын жалпы салмагы 9 килограмм 803 граммды түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Алынган заттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Бишкекте баңгизат менен алектенгендер колго түшүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан