Биз социалдык тармакта

Мээрим Жуманазарова Венгрияда чейрек финалга чыкты (видео)

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик турнирдин чейрек финалына чыкты.

Будапешт шаарында өтүп жаткан төртүнчү жана жыйынтыктоочу рейтингдик турнирде Жуманазарова 68 килограмм салмак категориясында күч сынашууда.

Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Германиянын өкүлү, 2025-жылдагы жаштар арасындагы Европа чемпиондугунун коло байге ээси Лаура Кёлерди 8:0 эсебинде жеңди. Андан соң 1/8 финалда Казакстандын өкүлү Ирина Казюлинаны таза жеңиш менен утуп, чейрек финалга жолдомо алды.

Эми Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыгуу үчүн Орусиянын балбаны Алина Шевченко менен күч сынашат.

Мээрим Жуманазарова Венгрияда чейрек финалга чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан