Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү көпүрө астындагы өтмөктө бүгүн, 17-июль сааат 18:00дөн тарта унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Жол өтмөктүн шып бөлүгүн каптоо жана жылуулук тармактарынын инженердик коммуникацияларын монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Аталган иштерди аткарууга байланыштуу дүйшөмбү күнгө чейин Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки тилкесинде түштүк багыттагы унаа кыймылынын бир тилкеси убактылуу жабылат.
Бул тилкеде унаа кыймылы убактылуу киргизилген чектөөлөргө ылайык уюштурулат.