Англияда кийинки жылдын апрель айынан тарта энергетикалык суусундуктарды 16 жашка чыга элек өспүрүмдөргө сатууга тыюу салган жаңы мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы жазды.
Ал литрине 150 миллиграммдан ашык кофеин камтылган суусундуктарга тиешелүү болот.
Эрежени бузган сатуучуларга 2,5 миң фунт стерлингге чейин айып пул салынат. Мыйзамдын аткарылышын жергиликтүү бийлик органдары көзөмөлдөйт.
Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул демилге жаш муундун ден соолугун жакшыртууга жана балдардагы ашыкча салмактуулукка каршы күрөшүүгө багытталган.
Маалыматка ылайык, учурда Англия боюнча күн сайын болжол менен 100 миңдей бала энергетикалык суусундук колдонот.