Бишкекте бейбаштык фактысына шектелип 59 жаштагы жаран кармалды.
Милицияга жаран кайрылып, 17-июлда 7-Апрель көчөсүндө белгисиз жаран тарабынан сабалып, денесине жаракат келтирилгенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Шектүү катары 59 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Октябрь райондук милициясы тергөө иштери уланып жатканын маалымдады.