Кытайдын улутук авиакомпаниясы "Air China" Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча туруктуу каттамдарды ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы маалымдады.
Каттамдар заманбап Airbus A321 үлгүсүндөгү учактар менен жумасына үч жолу – дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.