Мурдагы юстиция министри жана Жогорку Соттун судьясы Абылай Мухамеджанов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттон кабарлашты.
Ал 1959-жылы Ысык-Ата районундагы Тогуз-Булак айылында туулган. 1986-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин, 1987-жылы СССРдин ИИМинин Волгоград жогорку мектебин аяктаган.
Мухамеджанов жөнөкөй кызматкерден тартып жогорку мамлекеттик кызматтарда эмгектенген. 2010-2011-жылдары юстиция министри кызматын аркалаган жана 2012-жылдан бери Жогорку Соттун судьялык милдетин аткарып келген.
Сот органдарындагы кынтыксыз эмгеги, бийик кесипкөйлүгү жана сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.