Бишкекте батирге мыйзамсыз кирип, үй-бүлө мүчөлөрүн коркуткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Милицияга жаран кайрылып, белгисиз киши алардын батирине мыйзамсыз кирип, үй-бүлө мүчөлөрүн коркутканын айткан.
Көп өтпөй 39 жаштагы жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Текшерүүдө аталган жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт.