Бишкектин айрым аймактарында 21-июль саат 09:00дөн 18:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Чектөө "Өмүр Булагы Елена" суу топтомосунда оңдоп-түзөө жана алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилди.
Өчүрүү району: Маевка айылы: Скворцов көчөсү - Шаттык көчөсү - Чүй-39 көчөсү - Түлөбердиев көчөсү - Жапаров көчөсү - Жаңылык көчөсү.
“Бишкексууканал” ишканасы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.