Биз социалдык тармакта

Орусиядагы элчилик Wildberries кампасындагы өрткө байланыштуу мигранттарга кайрылды

Подмосковьедеги Wildberries кампасында өрттүн кесепетинен документтери жоголгон же бузулган кыргыз жарандары зарыл консулдук-укуктук жардам алуу үчүн Орусиядагы элчиликке кайрыла алат.
Элчилик документтерди тариздөө жана калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр.
Ал үчүн кыргыз жарандарына Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 64 дареги боюнча жайгашкан Элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылуу сунушталат.
Элчилик Электросталь шаарындагы кампада чыккан өрт боюнча бардык жагдайларды тактоо максатында Орусиянын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү улантууда.
Мындан тышкары, Орусиянын Тамбов облусунун Котовск шаарында чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жок экендиги тууралуу маалымат такталууда.
Буга чейин Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries кампасында дрондун чабуулунан өрт чыгып, 24 адам жабыркаганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан