Биз социалдык тармакта

Ошто унаа жолдун жээгинен аялдын сөөгү табылды 

Ош облусунун аймагында адам өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу 18-июлда облустук милиция маалымат берди.

10-июлда саат 05:30 чамасында Кара-Суу районунун Ош–Аэропорт унаа жолунун боюндагы талаадан азиат улутундагы аялдын жансыз денеси табылган. Ал 39 жаштагы А.Н. экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

17-июлда кылмышка шектүү катары 38 жаштагы К.Ш. жана 34 жаштагы А.А. кармалды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан