Биз социалдык тармакта

Англия курамасы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди

Англиянын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болду.

Үчүнчү орун үчүн болгон мелдеште Англия курамасы Франциянын улуттук курамасын 6:4 эсебинде утуп алды. Бул Англия үчүн Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы экинчи медаль болду. Буга чейин англиялыктар 1966-жылы дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынышкан.

Айта кетсек, Дүйнө чемпиондугунун финалында Испания курама командасы Аргентинанын улуттук командасы менен беттешет. Оюн 19-июлда өтөт.



Быйылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 11-июндан бери АКШда, Канадада жана Мексикада өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан