Ысык-Көлдө эки гидроскутер сүзүшүп, бир жаран каза болду. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.
Билдирүүдө айтылгандай, окуя 15-июлда саат 19:00 чамасында болгон.
Бул күнү чет өлкөлүк жарандардан турган достор тобу көл жээгинен гидроскутерлерди ижарага алышкан. Алар жээктен болжол менен 1 чакырымдай алыстыкта көңүл ачып жүрүшкөн.
Анда 30 жаштагы чет өлкөлүк жаран гидроскутерди башкарып бара жатып, чогуу эс алып жүргөн досунун гидроскутери менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен ал жаран окуя болгон жерде жан берген.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иши уланууда.