Кыргызстандын окуучулары дүйнөдөгү эң абройлуу 37-эл аралык биология олимпиадасында (International Biology Olympiad — IBO 2026) эки коло медаль жана бир Ардак грамота жеңип алышты.
Олимпиада 12–19-июль күндөрү Литванын Вильнюс шаарында болуп өттү.
Байгеге ээ болгон окуучулар:
- Атахан Исираев – Ысык-Көл облусундагы «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин 11-классынын окуучусу, коло медаль.
- Улукбек Русланбеков – «Сейтек-СТЕМ» билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу, коло медаль.
- Ирина Разводовская – «Маариф» билим берүү мекемесинин 11-классынын окуучусу, Ардак грамота.
Биология боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жетекчилери — Даян Мелисов жана Бактынур Ажибаев.