Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кондиционерди колдонуудагы коопсуздук эрежелерин эскертти.
Мекеме маалымдагандай, кондицонерди туура эмес колдонуу же техникалык талаптарды сактабай иштетүү өрт чыгуу коркунучун жаратат. Төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталат:
- кесипкөй адистерге орнотуу зарыл. Туура эмес орнотуу техникалык катачылыктарга алып келип, кооптуу абалды жаратат,
- желдетүүчү түтүктөрдү тосууга болбойт. Кондиционер эч качан чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек,
- тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгарат, ошондуктан анын жанына күйүүчү материалдарды коюуга жана үстүнө ар кандай нерселерди жаап кургатууга тыюу салынат
- кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши абдан маанилүү. Зымы буралып, кысып же өтө катуу болбошу керек. Түздөн-түз розеткага туташтырылышы зарыл. Кондиционердеги атайын чыпкасын (фильтр) бир айда бир жолу тазалап туруу абзел.
- кондиционерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын өчүрүп туруу талапка ылайык.
- Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбаңыз.