Кайыркүл Шаршебаева күрөш боюнча Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик мелдештин коло байгесин жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, ал 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Спортчу үчүнчү орун үчүн беттеште индиялык Дикше Маликти 8:2 эсебинде жеңип алды.