20-июлга караган түнү саат 02:41де Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан 5 чакырым түндүк-батышта, Нарын шаарынан 31 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Оттук жана Казан-Куйган айылдарында болжол менен 5 баллга чейин, Жерге-Тал, Кызыл-Жылдыз, Эчки-Башы жана Эмгекчил айылдарында 4 балл, ал эми Нарын шаары жана ага жакын бир катар калктуу конуштарда 2,5-3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.