Сот тутумунда быйылкы биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев аймактык судьялардын иштерине канааттанган жок.
"Азыр жылдап күтө турган убакыт жок. Бүгүнкү иш бүгүн бүтүшү керек. Сот тутуму тез өзгөрүүгө дуушар. Колуңуздардан келбесе, анда арызыңыздарды жазып, иштей тургандарга орунду бошотуп бериңиздер",- деди ал.