Эртең, 21-июлда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарындагы Маевка айылында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдашты.
Суу төмөнкү чектешкен көчөлөрдө өчүрүлөт: Скворцов көчөсү - Шаттык көчөсү - Чүй-39 көчөсү - Түлөбердиев көчөсү - Жапаров көчөсү - Жаңылык көчөсү.
Белгиленгендей, мындай чектөө Өмүр Булагы Елена суу топтомосунда оңдоп-түзөө жана алдын алуу иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.