Ички иштер министрлиги жарандарды расмий булактарга гана ишенүүгө чакырды.
Министрлик фейктерге алданып калбоого үндөп, социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан маалыматтарды сын көз караш менен баалоо маанилүү экенин белгилейт.
"Текшерилбеген маалыматтар, чагымчыл мүнөздөгү жарыялар жана жалган билдирүүлөр адамдарды адаштырып, коомдук чыңалууну жаратып, улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн",- деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы
Дайырбек Орунбеков элди козутууга аракет кылган күчтөр бар экенин билдирип,
эскертүү жасаган.