АКШ Ирандын борбордук бөлүгүндөгү Маркази провинциясынын Хомейн округунда жайгашкан өнөр жай объектисине сокку урду. Бул тууралуу провинциянын губернаторунун орун басары Хасан Гамари билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, чабуулдун кесепетинен каза болгондор катталган жок. Учурда адистер ишканага келтирилген мүмкүн болгон зыянды аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Гамари сокку урулган объект кайсы тармакка тиешелүү экенин тактаган жок. Окуя боюнча АКШ тарабынан азырынча расмий комментарий бериле элек.