АКШнын Аскер-аба күчтөрү канаттуу ракеталардан жана учкучсуз учуучу аппараттардан коргонуу үчүн аскердик базаларга ылайыктуу зениттик-ракеталык системаларды жеткирүүчү өнөктөштөрдү издей баштады. Бул тууралуу өкмөттүк документтерге таянып "РИА Новости" жазды.
Маалыматка ылайык, АКШ учурда рынокту изилдеп, аскердик объектилерди коргоого ылайыктуу жерден учурулуучу абадан коргонуу системаларын сунуштай алган өнөр жай өнөктөштөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалоодо.
Талаптарга ылайык, сунушталуучу системалар ар кандай өлчөмдөгү учкучсуз учуучу аппараттарды жана канаттуу ракеталарды атып түшүрүүгө жөндөмдүү болушу керек.
Компаниялар сунуштарын 6-августка чейин тапшырышы зарыл.