Биз социалдык тармакта

2028-жыл Айтматов жылы деп жарыяланышы мүмкүн

Кечээ, 20-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жыйыны өттү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.

Жыйынга Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Кытай, Иран, Беларусь жана Индиянын өкүлдөрү катышып, маданий кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Жыйындын алкагында Кыргызстан 2028-жылды ШКУ өлкөлөрүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону сунуштады. Демилге бардык катышуучулар тарабынан колдоого алынып, эми сунуш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана мамлекет башчыларынын кароосуна жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан