Бишкек шаарындагы көз карандысыз кесиптик бирлик "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери үчүн Ысык-Көлдө 3 күндүк эс алууну уюштурду. Бул тууралуу аталган муниципалдык ишканадан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда эс алууга кызматкерлердин бешинчи тобу жөнөп кетти.
"Демилгенин максаты - кызматкерлердин эмгегин баалоо, ден соолугун чыңдап, эс алуусуна шарт түзүү. Уюштуруучулар мындай колдоо эмгек жамааты үчүн маанилүү деп эсептейт",- деп белгиленди маалыматта.