Биз социалдык тармакта

Бишкекке коомдук дааратканалар жайгаштырылат

Бишкек шаарынын мэриясы калаа аймагына коомдук дааратканаларды жайгаштыруу демилгеленип жатканын билдирди.

Маалымдалгандай, бул боюнча 12-июндан 15-июлга чейин аукцион өткөрүлгөн. Ага 12 жер тилкеси коюлуп, алардын үчөө боюнча жеңүүчүлөр аныкталган.

Учурда 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, 12-кичи райондогу №62 үйдүн жанында, ошондой эле Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жер тилкелери боюнча келишимдер түзүлгөн.

Эми калган 9 жер тилкеси кайрадан аукционго чыгарылат. Шаар бийлиги кызыкдар тараптарды катышууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан