Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министри БУУнун жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөдү

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынында расмий баяндама жасады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Өз сөзүндө министр жарандардын өмүрүн сактоо жана жол-транспорт кырсыктарынан келип чыккан жаракаттарды азайтуу Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Глобалдык милдеттенмелерди жана Марракеш декларациясынын жоболорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясын жана Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча стратегияны ишке ашырууда. Аталган стратегия 2027-жылга чейин жол кырсыктарынан каза болгондордун санын 50 пайызга кыскартууну максат кылат.

"Бир дагы саламаттык сактоо системи жол-транспорттук травматизм көйгөйүн өз алдынча чече албайт. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги "Тез жардам" кызматтарынын даярдыгын жогорулатып, санитардык эвакуацияны өнүктүрүп, травматологиялык кызматты модернизациялоо менен катар калк арасында алдын алуу багытындагы маалыматтык-түшүндүрүү иштерин да күчөтүүдө. Тармактар аралык кызматташтыкты бекемдөө аркылуу гана дүйнө жүзүндө жолдордо миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуу боюнча жалпы максатыбызга жете алабыз",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан