Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Министрлик жарандарды аба ырайынын начарлашына байланыштуу этият болууга чакырды.