Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Беларустан импорттолуп жаткан күйүүчү майдын биринчи партиясы Кыргызстанга жетип, дагы бир нече вагон жолдо келе жатканын билдирди.
Ошондой эле Кытай менен жеткирүү боюнча келишимдер түзүлүп, биринчи партия жөнөтүлгөн. Өзбекстан, Казакстан менен да мунайзаттарды импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Өкмөт күйүүчү май ташууну тездетүү үчүн "жашыл коридор" уюштуруу иштерин жүргүзүүдө.