Бишкектеги Ынтымак Ордодо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө "Президенттин сыймыгы" сертификаттарын тапшырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чарага 54 Алтын сертификаттын ээлери, ошондой эле аймактардан ЖРТдан жогорку балл алган 20 бүтүрүүчү катышты. Министрлер кабинетинин төрагасы президенттин куттуктоосун окуп берип, бүтүрүүчүлөргө мамлекет башчынын атынан эстелик белектерди тапшырган.