Биз социалдык тармакта

Бишкектеги эки чоң көчөнүн кесилиши өзгөрүшү мүмкүн

Жусуп Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук мейкиндикти көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Малымдалгандай, долбоордун негизги максаты - борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана көп функционалдуу шаардык мейкиндик түзүү.
Долбоордун алкагында төмөнкү функционалдык жайларды түзүү каралган:
  • Эс алуу жайы;
  • Шахмат ойноочу аймак;
  • Көчө китепканасы;
  • Балдар үчүн оюн аянтчасы;
  • Спорттук машыгуу аянтчасы;
  • Фонтандарды жаңылоо;
  • Унаа токтотуучу жай;
  • Коомдук даараткана.
Ошондой эле долбоордо унаа токтотуучу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жайларды атайын бөлүү каралган. Бул аймакты жөө басууга жана эс алууга ыңгайлуу, коопсуз мейкиндикке айландырууга шарт түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан