Биз социалдык тармакта

Жылнаама: Бул күнү адам баласы Айдын бетине биринчи жолу кадам таштаган

1969-жылдын 21-июлунда, мындан 57 жыл мурун, тарыхта алгачкы жолу адам Айдын бетине кадам таштаган. Ал америкалык "Аполлон-11" кемесинин командири Нил Армстронг болгон.

Армстронг Айдын бетине 21-июлда саат 02:56:21де (Гринвич убактысы боюнча) кадам таштап, "Бул адам үчүн кичинекей кадам, бирок адамзат үчүн чоң секирик" деген тарыхый сөзүн айткан.

"Аполлон-11" миссиясынын негизги максаты Айга конуп, кайра Жерге ийгиликтүү кайтып келүү болгон. Армстронг менен Эдвин Олдрин Айдын топурагынын үлгүлөрүн чогултуп, илимий жабдууларды жана АКШнын желегин орнотушкан.

Бул окуя адамзаттын космосту изилдөө тарыхындагы эң маанилүү жетишкендиктердин бири болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан