Биз социалдык тармакта

Чүй, Ысык-Көл облусунда, Бишкекте дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет

Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында эл аралык иш-чаралар өтө турган мезгилде дрон учурууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, чектөө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу жана Формула-1 жарышы өтүп жаткан учурда күчүндө болот.

"Тыюу бардык түрдөгү дрондорго, ошондой эле чакан авиациялык учуучу аппараттарга тиешелүү. Уруксатсыз учуруулар мыйзам бузуу катары каралып, жоопкерчиликке тартуу жана техниканы конфискациялоо чаралары колдонулушу мүмкүн", - деп белгиленди маалыматта

Агенттик жарандарды белгиленген талаптарды сактоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан