
Ички иштер министринин орун басары
Октябрь Урмамбетов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси
Лю Цзянпин өлкөдөгү Кытай жарандарынын мыйзамдарды сактоосу тууралуу талкуулашты.
ИИМдин маалыматына ылайык, жолугушууда өлкөдөгү Кытай жарандарынын арасында укук бузууларды алдын алууга багытталган маселелер, мыйзамдарды сактоо жөнүндө алардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, өлкөнүн салт-санаасына, маданиятына жана коомдук тартибине урмат-сый менен мамиле кылуу боюнча чаралар талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган биргелешкен алдын алуу иш-чараларын мындан ары ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.