Биз социалдык тармакта

Васильевский тракттын дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Бишкек шаарында Васильевский трактты этап-этабы менен реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең, 22-июлдан тарта оңдоо иштеринин бешинчи этабы башталат. Анын алкагында Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки тилкеде жолдун бир тарабы убактылуу жабылат.

Мэриядан билдиришкендей, унаалардын кыймылы жолдун каршы тилкеси аркылуу эки багытта тең уюштурулат. Айдоочуларга алдын ала багытын пландап, жол кыймылынын убактылуу өзгөртүлгөн схемасын эске алуу сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан