Биз социалдык тармакта

Бишкектин 12-кичи районунда бир күнгө ичүүчү суу өчүрүлөт

23-июлда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин 12-кичи районунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, диаметри 300 миллиметр болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине суу берилбейт.

“Бишкексууканал” шаар тургундарын жана мекеме-ишканаларды алдын ала жетиштүү көлөмдө ичүүчү суу камдап алууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан