Биз социалдык тармакта

Зинедин Зидан Франциянын курама командасынын башкы машыктыруучусу болду

Франциялык легендарлуу футболчу, машыктыруучу Зинедин Зидан Франциянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу белгилүү футболдук инсайдер Фабрицио Романо жазып чыкты.

Анын маалыматына караганда, тараптар узак мөөнөттүү келишимге кол коюшкан. Ал эми Зидандын Франциянын курама командасын жетектөө боюнча оозеки макулдашуусу былтыр ноябрь айында эле түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, акыркы айларда Зиданга бир катар футболдук клубдар кызыгуу билдиргенине карабастан, ал Франциянын курама командасын жетектөөнү тандаган.

51 жаштагы адис буга чейин эки жолу Мадриддин «Реал» клубун жетектеп, команда менен 11 трофей, анын ичинде катары менен үч жолу УЕФАнын Чемпиондор лигасын уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан