Ысык-Көл облусунун Тоң районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон унаа жолунун 110-чакырымында кыян жүрүп, жолдун бир бөлүгүн жууп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, окуя 21-июлдан 22-июлга караган түнү болжол менен саат 22:30 чамасында катталган.
Жерине куткаруучулар жана атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада саат 23:30да жол кайрадан унаалардын каттамы үчүн ачылды.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жок.