Биз социалдык тармакта

Брэд Питттин дагы бир кызы атасынын фамилиясынан баш тартты

Бүгүн, 22-июлда, Голливуд актёрлору Брэд Питт менен Анжелина Жолинин кызы Вивьен сотко кайрылып, атасынын фамилиясынан баш тартууну өтүндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 18 жаштагы Вивьен Маршелин Жоли-Питт өзүнүн мыйзамдуу атын Вивьен Маршелин Жоли деп өзгөртүүнү өтүнгөн. Документте фамилияны өзгөртүүнүн себеби "жеке себептер" деп көрсөтүлүп, арыз боюнча соттук угуу 2-ноябрга белгиленген.

Брэд Питт менен Анжелина Жолинин 6 баласы бар. Буга чейин алардын уулдары Нокс жана Мэддокс, кыздары Шайло менен Захара дагы атасынын фамилиясынан баш тартканы маалымдалган. Жубайлар 2016-жылы ажырашып, көп жылга созулган соттук териштирүүдөн кийин 2024-жылы расмий түрдө никесин бузушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан