Бишкек шаарында эки бир тууган бычакталганы боюнча маалымат тарады. Буга жол талаш себеп болгон.
Октябрь райондук милициясы кабарлагандай, окуя 18-июлда Горький жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучулардын бири арыз жазган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш ишин козголгон.
Шектүү катары 30 жана 28 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.