Баткендин Кадамжай районунда чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткан эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алардын ар бирине 11 миң сомдон административдик айып пул салынган.