
"Ысык-Көл кубогу – 2026" эл аралык ат чабыш мелдеши өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Анда аламан байге, топ байге, кунан байге, кыска аралыктагы ат чабыш жана чоң жорго жарышы өттү. Жарыштарга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан, Казакстандан келген күлүктөр жана чабандестер катышты.
Мелдештин алкагында жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ал эми баш байгелер катары Toyota Camry 80 жана Changan үлгүсүндөгү унаалар ойнотулду.