Биз социалдык тармакта

Дима Билан VK Fest фестивалында "Седая ночь" ырын англис тилинде аткарып, көрүүчүлөрдү таң калтырды (видео)

VK Fest фестивалында орусиялык ырчы Дима Билан көрүүчүлөрдү күтүүсүз сюрприз менен таң калтырды. Ал легендарлуу "Седая ночь" ырын англис тилинде аткарды.

Фестивалга келген миңдеген көрүүчүлөр ырды алгачкы секунддардан тартып кошулуп ырдашкан. Социалдык тармактарда бул номер фестивалдын эң таасирдүү жана көп талкууланган учурларынын бири катары бааланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте америкалык рэпер Канье Уэст "Седая ночь" ырын англис тилинде аткаргандай көрүнгөн видео кеңири тараган. Бирок кийинчерээк анын жасалма интеллекттин (ИИ) жардамы менен даярдалганы белгилүү болуп, Канье Уэст бул чыгарманы расмий түрдө аткарбаганы маалым болгон.

"Седая ночь" 1988-жылы жарык көрүп, легендарлуу "Ласковый май" тобунун аткаруусунда популярдуулукка жеткен.

Дима Билан VK Fest'те «Седая ночь» ырын англисче ырдады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан