Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымындагы селдин кесепеттери жоюлуп, унаа каттамдары ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 21-июлда аталган жол тилкесинде эки ирет сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.
"Жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып, сел суусунун агымын буруу, жолду ылай жана таштардан тазалоо, ошондой эле жол кыймылын мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Учурда унаалар эки багытта тең тоскоолдуксуз каттап жатышат", - деп белгиленген маалыматта.